2019-жылдын 6-апрелинде жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты.
“Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу тилкесинде ремонт иштери жүргүп жаткандыгына байланыштуу поезд каттамы 7-апрелден баштап жанданат.
Белгилей кетсек, 31-мартта «Бишкек-Кара-Балта» поезд жолунда поезд жеңил автоунааны сүзүп кетип үч киши каза болгон. Унаа 10 метрге чейин ыргып, поезддин рельсинин темирлери чыгып кеткен