Зилалиевдин маалыматын УКМК төгүндөдү

455

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тараткан маалымат чындыкка туура келбейт. Бул туралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Зилалиев буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу максатында жасап келген. Ал эми өзү кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тартып келет

Эске салсак, буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев билдирүү таратып, андан УКМКнын кызматкерлери экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү суранып жатканын айткан.

2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь