Каныбек Иманалиев: Кыргыздардын ай-жыл календарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизиш керек

341

Азыркы он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси – кыргыз эли. Ошондуктан, аны ЮНЕСКОдо кыргыз элинин руханий материалдык эмес баалуулугу катары каттоодон өткөрүү керек”.

Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасындагы илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Эл өкүлү өз сөзүндө азыр дүйнөдө эки календар – григориан жана ай-жыл санагы колдонулаарын белгилеп, азыр анчалык маани бербеген дал ошол он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси кыргыз эли болуп саналаарын айтат. Муну тастыктай турган тарыхый далилдер арбын. Мисалы, Саймалуу-Таш сындуу таш-сүрөттөрдө ай-жыл календары түшүрүлгөндүгүн айтат. Экинчиден, кытай жазуу булактарында кыргыздар гана ай аталыштарын кийиктерге байланыштуу атай турганын жазылып калган. Андан тышкары, «Манас» эпосунда, Оркон-Энесай жазууларында да кыргыздардын ай-жыл календары камтылып калган. Ал эми Радлов, Томсон, Малов сыяктуу бир катар чет өлкөлүк ири окумуштуулар мындан 200 жыл мурда эле ал кыргыз элине таандык экенин айтып-жазып кетишкен. Демек, биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды сактап калышыбыз керек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасында илимий-практикалык конференция өттү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь