Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева “эки тамга үчүн” маселе жаратпоону айткандан кийин ката жазуулар көбөйдү.
Буга чейин кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун трибунасындагы жазылган ката коомчулуктун сынына кабылган.
Мындай ири маанидеги иш-чарадагы одоно катаны адистер сабатсыздык деп баалап, мамлекеттик кызматкерлер жооп бериш керектигин дагы айтышкан.
Ал эми билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева эки тамга үчүн чуу чыгаруу туура эмес деп эсептейт.