Нарын шаарында балдарын тарбиялоодо өз милдеттерин жакшы аткарбаган ата-энелерге каршы чаралар колдонулат. Мындай маалымат жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы 25 баланын ата-энелери 10 900сом айып пул төлөгөн.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.