Оштогу эл аралык аэропорттун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды

238

“Ош” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды. Учурда реконструкциялоо иштери аяктап, учуу-конуу иштери штаттык режимде жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан маалымдашты.

Аба майданды оңдоп-түздөөнүн 3-этабы аягына чыгып, учурда учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 3212 метрге жетти.

Эми “Ош” аэропорту Boeing 767-300, Boeing 737-800, Airbus A320 учактарын тоскоолдуксуз кабыл ала алат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь