Ошто 3 жаран героин менен кармалды

240

30-мартта УКМК тарабынан ири баңги каражаттарын контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандары 1993-ж.т. Ш.А., 1986-ж.т. С.Г., жана 1987-ж.т. С.С. кармалышты.

Аталган кылмыштуу топ Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги заттарды Орусия өлкөсүнө жекирүү максатын көздөшкөн. Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча спецификалык жыты бар, табылып алынган заттар «героин» баңги заты болуп эсептелинет.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган адамдар Ош шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь