УКМУШ: Эски, дат баскан автобус батирге айланды (Сүрөт)

254

Американын тургуну Джесси Липскин көп убакыт бою батир сатып алуу кыялын орундата албай келген. Себеби Манхеттендеги турак жайдын баасы 2 млн доллардан кем эмес. Андан улам Джесси башкача жол менен үй курууга киришет. Ал үчүн эски, жараксыз абалга кептелген автобусту сатып алат. Анын баасы болгону 7 000 доллар болчу.

Бирок Джессинин ойундагы максатынын ишке ашаарына эч ким ишенген эмес. Себеби ал эски автобусту үйгө айлантууну пландаган.

Эми эски автобустан эмне келип чыкканын караңыз. Бардык шарты бар, уктоочу, ашкана, эс алуучу бөлмөлөрү менен камтылган турак жайга болгону 70 000 доллар чыгым кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь