Кадамжай районунда Өзбекстандан контрабандалык жол менен үй-шартында керектелүүчү буюмдарды алып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук администрация кабарлаганын “Кабар” агенттиги жазды
Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек чек арасындагы зым торду кыркып, чек ара аркылуу мыйзамсыз буюмдарды өткөрүп жаткан жеринен кармалды.
Эки мамлекеттин жарандары түн ичинде 50 даана телевизор, жалпы баасы бир миллион сомго жакын үй-шартында керектелүүчү буюмдарды өткөрүп жатышкан.
Бул факт Кадамжай РИИБнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү жагын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.