Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери 25 жаштагы жигиттин зордукталышы боюнча фактыны иликтеп жатышат. Бул маалыматты “Турмуш” басылмасы жарыялады
Алдын ала маалыматка караганда, февралдан орто ченинде милицияга Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги айылдардын биринин 52 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүнүн 25 жаштагы баласы Айбекти (аты өзгөртүлдү) белгисиз адам күч колдонуп суу жээгинен зордуктап салгандыгын билдирген. Иликтөөнүн алкагында бир катар экспертизалар (соттук-психиатриялык дагы) дайындалган. Бул кылмышка шектелип жабырлануучунун 22 жаштагы кошунасы Марат (аты өзгөртүлдү) кармалды. Бирок Марат аны зордуктабагандыгын, Айбек психикалык жактан ооругандыктан бардыгын оюнан чыгаргандыгын билдирген.
Март айынын этегинде Марат бул кылмышка шектелип кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул аракеттер Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен каралат.
«Соттук-медициналык экспертиза жыныстык катнаш болгонун көрсөттү. Соттук-психиатриялык экспертиза жабырлануучу өзүнүн көрсөтмөсүндө бул чындыкка дал келерин айткан.