Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев бүгүн, 2-апрелде журналисттерге басма сөз жыйынын өткөргөндөн кийин “Eldik.Media” порталына келип, Токтогул ГЭСи баш болгон бардык ири, чакан ГЭСтер, ЖЭБдер, жалпы эле энергетика тармагы 2016-жылы «Улуттук энергохолдингдин» карамагына өтүп кеткенин айтты.
Эксперттин билдиргени боюнча, «Улуттук энергохолдинг» – жеке башкаруудагы ишкана, учурда бул ишкана Кыргызстандын энергетика тармагынын 80% ашуун акциясына ээлик кылат” дейт
Умбеталиев, – “Бул тууралуу мага бир ай мурда белгилүү болду. 2016-жылы Жогорку Кеңеш, Мамлекеттик мүлк фонду жана аталган холдинг үчөө келишим түзүп, анда энергетикалык ишканалардын мамлекетке тиешелүү акциялары «Улуттук энергохолдингге» сатылып кеткен. Бул ишканалар стратегиялык ишканалар, алар менчикке сатылбашы керек эле”, – деди.
“Элдик талкуу” программасына «Улуттук энергохолдинг» ишканасы тараптан тиешелүү адистер чакырылган. Бирок, алар белгисиз себептер менен келишкен жок.
Улуттук энергохолдинг жеке менчикке өтүп кеткенби? Серепчинин жообу
Опубликовано Eldik.Media Вторник, 2 апреля 2019 г.