КСДП партиясында учурда иштеп жаткан Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечимин келген делегаттар бир добушта кабыл алышты. Ал эми лидерликке Сагынбек Абдырахмановдун талапкерлиги көрсөтүлүп, залда олтургандар колдоп беришти .
Абдрахманов өз сөзүндө ишеним менен колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирип, бүгүн Атамбаевди съездге келет деп күткөндүгүн кошумчалады.
Партиядагы аары катаал жана кризистик учурда Абдрахмановдун чоң жоопкерчиликти мойнуна алганы татыктуу кадам экендигин келгендер коштоду.