КСДПны эми Сагынбек Абдрахманов жетектейби?

220

КСДП партиясынын лидерлигине Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлиги сунушталат. Бул боюнча Жылдызбек Турганбаев “Марал” радиосуну билдирди.

Маалыматка ылайык, КСДПнын бүгүнкү курултайында саясий кеңештин курамы да жаңыланышы күтүлүүдө.

“Талапкер катары Сагынбек Абдырахманов көрсөтүлөт деп турабыз. Уставга жараша өзгөрүүлөр күтүлөт”, — дейт ал.

Ушул тапта «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы партиянын съездин өткөрүп жатат. Ага 300дөй адам келди. Жалпысынан 600 катышуучу болору күтүлүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь