“Мадумаров жоопко тартылсын” депутаттар үн катты (ВИДЕО)

203

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллиаев Адахан Мадумаров боюнча пикирин айтып, анын жоопко тартылсын деген сунушун айтты. Өкмөт мүчөлөрүнө бул иш боюнча дыкаат көзөмөл жүргүзүүгө, ал эми УКМК юридикалык жактан баа бериши керек экенин баса белгиледи.

Эске салсак, социалдык тармакта кыргыз-тажик чек арасында чыккан конфликтте Адахан Мадумаровдун дагы ысымы аталып, ал коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда тажиктерден кыргызга тиешелүү жерди 49 жылга ижарага алуу боюнча документке кол койгон деген маалымат тараган. Аталган документтин үлгүсү дагы жарыяланып анда Мадумаровдун колу коюлганын жалпы коомчулук көргөн.

Учурда Жогорку Кеңеш жабык эшик артында жыйынын улантууда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь