Медреселер арасында футбол боюнча мелдеш өттү (Сүрөт)

475

Кыргызстандагы кесип үйрөнүү курстарын окуп жаткан медреселер ортосунда аймактык жана республикалык деңгээлдеги футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ага Чүй, Талас, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан бир нече команда, ошондой эле түштүк аймактагы облустардын чемпиону болуп жеңип келген Баткен облусунун командасы катышты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешовдун айтымында, медреселер азыр замандын талабына жараша коом менен тыгыз аралашып, элге пайдалуу болууну көздөөдө.

“Медреседе окуган жаштар бир гана диний окуу менен чектелбей коомчулукта суроо-талапка ээ болгон кесиптерди үйрөнүп, элге пайдалуу болсо, эң башкысы өз үй-бүлөсүн жакшы багып кете алган керектүү кесипти үйрөнүп, эч кимге көз каранды болбой, өз оокатын тың алып кетсе коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы ошол” – деп баса белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь