Бразилиянын ММА мушкери рингде каза тапты. Ал атаандашынын соккусунан улам жыгылып, кайра эсине келген жок. Бул боюнча MMA Fighting кабарлайт. Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Матеус Фернандес 3 раундтан тең өтүп, акыркы секундтарда катуу соккудан каза тапты.
Мушкерди ошол замат ооруканага алып барышкан. Бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. “Ал катуу соккудан эмес, баңгизат колдонгону үчүн көз жумду” деп айтышкан дарыгерлер