Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды.
Бакыт Шаршембиев жана Нурия Кутнаева маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жаатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берип:
Учурда 47 мамлекеттик орган (59 маалымат базасы) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулган, 16 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыз кылынды деп билдиришти
Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү негизги, артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.
“Санариптештирүү өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде биздин жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, маалымкат алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүү процесстерине чейин жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүн камтыйт. Бул үчүн мамлекеттик органдар процесстердин баарын кайра карап чыгып, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жоюп, регламенттерди жөнөкөйлөштүрүүсү керек”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүүдөгү милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирип, кыска мөөнөттө активдүү өнүгүүгө жана өлкөнүн бардык жашоо-турмушуна санариптештирүүнүн киришине тоскоол болуп жаткан кемчиликтерди жоюуну тапшырды.