Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алгачкы расмий сапарын Россиядан баштады. Москванын “Внуково” аэропортунда Токаевди кызыл килем төшөп, салтанаттуу тосуп алышты. Бул боюнча “NUR.KZ” жазды.
Президентти тосуп алуу үчүн Казакстандын Россиядагы өкүлү Имангали Тасмагамбетов жана Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков келди.
Андан соң Касым-Жомарт Токаев Кремлде Президент Владимир Путин менен жолукту. Иш сапардын алкагында бир нече документтерге кол коюлуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.