Түркстан облусундагы Жетисай калаасынын тургуну сулуулук салонуна барып, кашын боёткон. Салондогу процедурадан кийин анын кан кысымы көтөрүлүп, ооруканага түшкөн. Учурда дарыгерлер “контактный дерматит” деген диагноз коюп дарылап жатат. Бул туралуу “Мезгил” басылмасы жазды
“Мен кашымды Айдана аттуу мастерге жасаткам. Башында баары жакшы болчу. Үйгө келгенден кийин кан кысымым көтөрүлүп, бети-башым кычыштыра баштады. Бул көрүнүш токтобогон соң кашымды жасаткан кызга байланышып, айттым. “Ал “андайлар болуп турат” деп жазылат маалыматта
Аял чыдаганга аракет кылганы менен кашынын болгон жерлери кычыштырып акырында абалы абдан оорлошуп кеткен. Натыйжада тез жардам кызматы аркылуу ооруканага түшкөн.