Атаны кокуй… апам ай эмне мынча санаачылсың?
– Дакен ооруп операция болду, аны карап жатканда аял киши жок. Эми эмне кылабыз сарсанаа болуп турсак, ырас тиги Чоштун аялы окуусунан суранып карап турайын дебедиби? Анайын десе…
– Анан Дакен жеңем жакшыбы?
– Ооба жакшы, кече барсам уктап жатат деп койушкан… Азыр таң эрте тура калып эт салып барайын деп атам.
Апам айтып жаткан Дакен келини, берки Чоштун аялы дегени небере келини болот. Илгери келинди катуу кармаган жагынан алдына эч кимди салбаган апам азыр келиндерине өз энесинен ашып түшкөн камкор болуп калган. Айрымдар муну адам карыганда келиндин көзүн карап калат деши мүмкүн. Бирок 79га таяп калган апам кудайга шүгүр күүлү күчтүү баскан турганы тың. Өзүн эле эмес, энеси карабай койгон эки эгиз небересин, 30дан ашса да үйлөнбөй сомодой болгон уулу менен өзүнчө батирде жашайт. Бул балдарынын аялдары батырбай жаткандыктан деле эмес. Апам өз оокатына өзү ээ болуп, өзү каалаган тамагын бышырып жеп көнүп алгангабы, айтор колу бутум кыймылдап турганда келиндин көзүн карагым келбейт деп калат. Бирок менимче кеп анда деле эмес кеп башкада. Жогоруда айтканымдай апам төртүнчү байкем аялы менен ажырашып кеткенден кийин ортодогу эки эгиз кыздарын кичинесинен багып алган. Ошол эки эгиз кызды апам жанындай жакшы көрөт, кайда болсо чогуу ала жүрөт. Алар ыйласа ыйлайт, күлсө күлөт. Бала деген бала да. Ойноп кетет башка балдар менен бир нерсе талашып уруша кетет. Мына ушундан улам апам Нарындагы башка келин-кыздарынын үйүнө жашагысы келбейт деп ойлойм. Анткени элибизде таамай айтылган сөз бар го… “өзү батса да балдар батышпайт” деген. Андан улам апам жаман жакшы айтышпайын деп өзүнчө жашаганды эп көрүп алган. Анын үстүнө эгиз кыздар да жыл санап чоңойуп майда чүйдө үй оокатарына жарап, апамдын колун узартып калышты. Кудай буюрса эки үч жылда апама келин кылган кызматты кылып калышат.
Эми темага кайрылсам. Келинди катуу кармачу деп айтпадымбы… Ооба апам келиндерине катуу мамиле кылчу. Ошол эле Дакен жеңем окуйт элем деп айылдан кетип калып, байкем экөө кайра жарашышканда “Сары катын кетсе кара катын табылат. Эмне баламды кулундуу бээдей кылып, баласы менен таштап кетесиң”-деп кекеткен жайы бар. Бирок Дакен жеңем да акылдуу жан экен. Бул сөздү көкүрөгүнө түйүп кек сактап калбай: “Апа кечирип койуңуз окуумду бүтүп алайын”-деп мойнунан кучактап ыйлаганы дале эсимде. Апам болсо Дакен жеңем окуусун бүткүчө жээрип, “Актип неме”-деп тергеп кеби келгенде байкем экөөнү ыңгайсыз абалга салып жүрдү. Бирок жеңем окуусун бүтүп иштеп өз оокаттарына тыңый баштаганда апам кайра ыраазы болуп түшүнбөй эле уруша берген турбаймынбы, актип келиним иштеп жакшы болбодубу деп калды. Көрсө апам урушкан менен жүрөк түбүндө келиндерин кыздарынан да артык көрөт окшобойбу? Эми ошол “актип” жеңем ооруп операция болгондо минтип аны ким карайт балдарына ким баш көз болуп турат деп чырылдап санаа тартып базарга барып пенсиясына карызга эт алып тамак ташып, жеңемдин сакайып кетишин тилеп ыйлап сыктаган баягыле “Сары катын болбосо карасы табылат”-деп урушкан апам…
Апам кыздарынан келиндерин артык көрөт дегенимдин да жөнү бар. Анткени уулу эжебиз мындан эки жыл мурда Бишкекте операция болгондо келип ал абалын сурап кайра кетип калган. Ичинен кызынын амандыгын тилеп эне катары сыгылса керек бирок күнү түнү оорукананы тегеректеп жүргөн жок. Анын үстүнө ал эжемдин бой жеткен кыздары, келиндери бар болгондуктан санаасы да тынч болду окшойт.
2017-жылдын аяк жагында экинчи Бакы деген байкемдин аялы Карлыгач жеңем инсульт берип катуу жыгылды. Туугандар ызы чуу түшүп эле калдык. Бакы байкем кайындары менен чогуу көлгө барып келе жатышып Кочкорго келгенде жеңем ээси ооп жыгылыптыр. Кочкордун ооруканасында комада жатып калган жеңебиздин абалын апабызга айта албай нес болуп калдык. Бир күн күтүп көрдүк эсине келип калса, анан апама айталы деп. Бирок жеңем тилекке каршы реанимацияда үн сөзсүз жаткан бойдон абалы жакшырган жок. Акыры апабызга айтууга туура келди. Апам ыйлап сыктап дароо Кочкорго жетип келди. Анан жеңемди Бишкекеке реанимацияга котордук. Апам кошо келди. Ошондон тартып апам жеңем көзүн ачып эсине келгичекти керээлди кечке республикалык ооруканада жашагандай эле жүрдү. Түнкүсүн уктабайт, күндүзү болсо оорукананын алдында качан ойгонуп калат экен деп саргайып күтөт. Кап каяктагыны айтып ыйлайт. Ары карап кетсе эмне кылабыз, балдары эмне болот Бактыбек ичип тентип кетет го деп сыздайт…
Кудайдын көзү түз экен, багыбызга жеңем күн санап эсине келип бир айдан соң үйгө чыгарып кеттик. Бирок азыр Карлыгач жеңемдин бир жак капталы кыймылдабайт. Ажаатканага өзү бара албайт. Кыскасы багууга муктаж майып болуп калды. Байкем жайкысын сугат сугара койуп акча табат кышкысын Карлыгач жеңемдин жанында. Апам эки күндүн биринде телефондон абалын сурайт, жеңем жакшы болуп калса көңүлү ачык, кичине кабагы түшүп калса апамдын да көңүлү чөгөт. Ошол Карлыгач жеңем да алты ай сайын неврологияга жатып дарыланып турат. Жакында эле дагы жатып чыкты. Карасам баягы эле апам жүрөт: Ой Карлыгачты ким карап жатат деп кыз келин издеп. Байкем карап жатайын десе палатада жалаң аялдар да… Апам карап өзү карап жатайын дейт, тиги келини айбыгып болбойт. Анткени жеңем ажаатканага да өзү бара албайт да.
Муну менен эмнени айткым келди урматтуу окурмандар. Жанагы чай куйуш менин милдетим эмес, азыр келиндер кордолуп жатат, кайын эне күн көрсөтпөй жатат деп коңгуроо каккылагандар кичине кудайды карасаңар боло… Азыр апамдай катуу кармаган кайын эне деле аз болсо керек… катуу кармаса да кайын эне жаман болсун демек беле… Ушул оокатка тың болсо, тарбияланса дейт экен да… ооба ачуу сөздөр көңүл калуулар болот. Бул турмуш да. Бир үйдө жашаш оңой дейсиңерби? Эң жаманы силер ушундай ураандар менен, күйөөңө баш ийбе, кайынга кызмат кылба деп жаш кыздарды алардын турмушун бузуп жатпайсыңарбы? Ансыз деле азыр ажырашуулар абдан көп. Көрбөй жатсаңар Бишкектеги тигүү цехтерине баргылачы, айылдан баса берген канчалаган бой келиндер жүрөт. Ооба балким айрымдары чын эле кордукка чыдабай, акмак күйөөсүнүн алкаштыгынан, кайындарынын акыйкатсыз мамилесинен ажырашып келгендир… бирок силер айтып жаткан чай куйбайм, уй саабайм деп анча мынча турмуштун сыноолоруна чыдабай баса бергендери канча? Ажырашып кеткен Анжелика, Назира Айтбекова, Гулзат Мамытбектин инстаграммдагы кооз жашоосуна суктанып, күйөөдөн чыксам ушинтип жыргап жашайм деп жеке амбициясын тыя албай балдарын тирүүлөй жетим кылгандар канча? Ушунча болду дагы бир ачуу чындыкты айтып койойун. Күйөөдөн чыгып алып биякта ээн жүргөн бойдок келиндер стресстерин чыгарыш үчүн кафелеп, ал жакта пиво менен вино тойуп алып бугун башка эркек менен чыгарып жаткандары канча? Анан силер кайдагы “чай куйбайм, менин денем меники” дейсиңер. НПОчулар аз келгенсип бир жагынан мобу молдокелердики дагы өттү. Ажырашууларга, үй-бүлөөлүк институттун урашына булар да салым кошуп жатышат. Чүмкөйт десе эле биротоло чүмкөшүп, “аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт” деген шылтоо менен аялын жер үстүндөгү кыймылдаган нерсенин баарынан кызгангандарына күйбөгөн жериң күл болот да. Мейли эми дос жоролорунан кызганып шеринеге алып барбай койгонуна макул дейин десең, кудасынан, күйөө баласынан, кошуналарынан кызганып үйүнө эркек кошунасы, алысыраак тууганы конокко келсе, аялын чай бердирбей төркү үйгө камап койгон ашыкча го ыя? О кокуй оой.. ал сенин аялыңды караганы эмес… чай ичип баарлашып наркы беркини сүйлөшөйүн деп келди да ботом… анан ушинтип жатсаңар аялыңар кысылып кетип басып кетет да… Тиги төрт катын алган Өзүбек ажы, Турсунбай Бакир уулуна теңелбегиле да. Алар колунда бар немелер үй кызматчыдан бери жалдап жаш катындары эмнени айтса ошону алып берип, жанагы “Жади” деген кинодогудай эле мамиле кылышат. Кыскасын айтканда аларга аял киши түнкүсүн көбүрөөк “керектелип” бала төрөп берсе болду. Бул оюмду муфтий Максатбек ажы да тастыктаган. Ал өткөндө эле “Келин кайын журтка кызмат кылууга милдеттүү эмес”-деп айтпадыбы. Төшөк мамилелери боюнча эксперт Чубак ажы да аялдарга болушуп, эркек киши антиш керек минтиш керек деп акыл үйрөтүп келе жатат. Мунун баарын уккан аялдардын халалы деле.. халал эмеси деле.. мына өткөндө “муфтий айтпадыбы кайын журтка милдеттүү эмессиң деп, Чубак ажы айтпадыбы сен биринчи шартты түзүшүң”-керек деп күйөөсүн жарга такагандар канча. Байкуш кечке кетмен колунан түшпөгөн тапкан ташыганы балдарынан артпаган күйөөсүнө, сен мага биринчи мондай шарт түз деген эми туурабы тууганым? Ойлончу? Бул менен мен эркектерге болушуп жактап жатканым жок. Болгону үй-бүлөө: ар кимдин сөзүнө кирип бузулбаса, ар ким төшөгүнө карап бутун сунса, ар ким өз үй-бүлөөсү менен жашаса деген ой… Анткени азыркы ажырашуулардын себептеринин бири аялдардагы “АМБИЦИЯнын” өсүп кеткенинен болуп жатат.
Жогорудагынын баарын окуп келе жаткан айрым КЫРГЫЗ аялдар мага жини келсе, эркектер ооба чынле аялдар оңолсун деп ичинен кымыңдап жаткандыр. Бирок акырында а бу дебейм турмуштун гана мисалын, болгондо да башында жазган Апамдын мисалын жазып кетүүнү эп көрдүм.
Апам 16 жашында күйөөгө тийип, эки кайнененин колуна түшкөн. Анткени чооң атам Мамбет менен Бакир согушка кетип ошол бойдон келген эмес. Ошентип эки абысынды карап багуу атам Жумадилдин ага кошулуп бала бойдон турмушка чыккан апамдын милдети болгон. Эми элестетип көрүңүз азыркылар бир кайнене менен келише албай жатканда, эки кайын эненин элегинен өтүш оңойбу? Анын үстүнө экөө тең жесир күйөөсү жок болгондуктан жини келсе эле апамдан чыгарып калышчу экен. Апам байкуш кайын энелеринен сурагандан коркуп үйдөн нан уурдап жеген күндөрүн айтса азыр ишенип ишене албай күлөбүз. Бирок ошонун баарына чыдагандыктан эки энем тең көзү өтөөрдө, апамды маңдайына отургузуп алып: “Сатыке.. Сатыбай мен сага ыраазымын… сен да мага ыраазы бол. Кенедейиңде келдиң эле. Жумашты жакшылап кара, тиги бир тууганы Шейшен экөөнү бөлбөй катыштыргыла” деп ыйлагандарын азыр да апам эскерип айтып калат. Менимче ошол бейиштик болгон энелерим деле наркы дүйнөдө апама ыраазы болуп жатышса керек. Анткени апам кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөргөн жок. Көчүп конуп, бирде малчы бирде сугатчы болгон атам менен чогуу болду. Талаа түстө жүрүп эле 17ни төрөп, анын 13 аман эсен эрезеге жеткирди. Жаш кездеринде атама кайаш айтып, урушуп урушпаганын билбейм, бирок атам карып көзү көрбөй калганда да апамдын үнү үйдө бийик болгон жок. Раматылык атам жайлоодо каза болду. Ошондо да апам муңкурап калбай белин бекем бууп, балдарды эшикке чыгарып койуп, боз үйдө сөөктү өзү “майрам сууга алып” ээгин кыйшайбасын деп таңып койгонун азыркыга чейин айылдагы улуу кишилер апамдын кайраттуулугун сөз кылганда айтып калышат экен.
Ии баса дагы айтайын дегеним бизде жети эркек алты кызбыз. Алты кыз тең турмушка чыгып, бүгүнкү күнгө чейин бир никеси менен кудайга шүгүр ажырашпай этпей жашап келе жатышат. Буга да апамдын салымы чоң десем болот. Анткени эжемдердин арасынан кайын энем антип койду, күйөөм сөгүп койду деп арызданып келгендери болгон. Бирок апам аларды кайра урушуп туруп үйүнө жөнөтүп койчу. Ушундай тууганым. Бул нерсени мен апамды мактайын жар салайын деген максатта эмес. Азыр “Чоң апам чыдады, апам чыдады мен чыдабайм”-деп ураан салган маңкурттар кичине ойлонушат болду бекен деген ойдо эле жаздым.
_Ой толгогон: Азамат Бакиров
Бул макала Eldik.Media сайтынын көз карашын билдирбейт
Урматтуу окурмандар сиздерде да кайсы бир көйгөйлөр боюнча ой толгоолор болсо бизге төмөнкү электрондук даректер боюнча жибериңиздер!