Билим берүү министрлигине кылмыш иши козголду

282

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин басып чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталды. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 1-августунда аталган министрликтин жооптуу кызматкерлери кыргыз, орус, өзбек тилдүү мектептердин 5-класстары үчүн «Англис тили» китептерин басып чыгаруу боюнча тендер өткөрүшкөн.

Тендер республикалык бюджеттен каржыланган. Бирок, 5-класстары үчүн англис тили боюнча окуу китептерин донорлордун акчасына басып чыгаруу пландалганын болчу. Ага карабай республикалык бюджеттен сынак жарыялаган.

Натыйжада 13 миллион сомдон ашуун бюджеттик каражат максатсыз коротулганы аныкталган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилерине карата Жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 234-беренесинин негизинде «Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь