Бишкекте төрөлгөн 4 эмге президент 2 млн берди (Сүрөт)

166

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте төрөлгөн төрт эмдин ата-энесине 2 млн сомдук сертификат тапшырды. Ал эми өкмөт 150 миң , Бишкектин Октябрь райондук администрациясы 90 миң сом акчалай жардам берди.

Наристелерге Арууке, Айчолпон, Акбермет, Сооронбай деген ысым ыйгарылган. Алар ушул жылдын 25-февралында жарыкка келген. Учурда энесинин жана балдарынын абалы жакшы.

Үй-бүлөнүн өз турак-жайы жок, батирде ижарада турушат.

Булак: “Калыс Медиа”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь