Депутат Мурат Суталиновдун ден-соолугуна тынчсызданды

170

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов учурда абакта жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун ден-соолугуна тынчсызданды.

Ал Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылуу жасады:

Сот өзүнүн өкүмүн чыгарган, мен күнөөсү боюнча айткым келбейт. Мурат Суталинов бүгүнкү күндө эң оор 4-баскычтагы рак илдети менен ооруп турат. Акыркы учурдагы жаңы кирген кодекстер гумандуулукка карата кабыл алынган. Оорусун эске алуу менен гумандуулукка жол берсе” деп билдирди

Дарыгер Суталинолвдун ден-соолугу боюнча көрсөтмө берип, анын бөйрөгү 4-баскычтагы рак илдети менен жабыркай тургандыгын, өпкө-боору, жүрөгү да соо эмес экенин айтып, соттолуучунун абалы оор экенин билдирген эле.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь