Конор Макгрегор спортко кайтып келет

292

Ирландиянын ММАнын аралаш мушташ боюнча мушкери Конор Макгрегор өзүнүн Twitter баракчасына спорттон кеткенине тогуз кун өткөн сон, кайра спорттогу жашоосун улантаарын айтып чыкты.

“Мен өзүмдүн күйөрмандарым менен биргеликте алдыга умтулгум келет. Алар кайсыл динди тутунбасын, кайсыл жерден болбосун бардык диндер адамды жакшы сапаттарга үндөйт. Кайра рингден көрүшкөнчө”,- деп жазган спортчу.

Макгрегор буга чейин чоң спорттон кеткендигин жарыя кылган

Ал 3 жыл мурда спорттон бирото кеттим деп жарыялаган менен кайра тез эле кайтып келген.
Бул ирет спортчу 26- март күнү спорт менен коштошконун айткан. Ал дароо эле социалдык тармактарга өтө активдүү болуп, интернеттеги өздүк баракчасы аркылуу Орусиянын спортчусу дүйнө чемпиону Хабиб Нурмагомедовду ” келемиш”деп атап, ал эми анын жубайын бет аарчыга теңеген.

Хабибдин жеке жардамчысы Конор Макгрегор бул кылыгы менен бүтүндөй мусулман элин басмырлады деп эсептейт. Акыркы беттеште Макгрегор Нурмагомедовдон жеңилип калган. Макгрегор ага чейин 21 жолку утушка ээ болуп, 4 жолку утулуу ызасын тарткан UFC чемпиондугунда жеңил жана орто жеңил салмактагы кармаштын жеңүүчүсү болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь