Парламент кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдын маанилүүлүгүн эске алып жабык эшик артында карамай болду. Өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев учурда бул маселе премьер-министрдин өзүнүн көзөмөлүндө экендигин айтып, бүгүн саат 17.00дө Кыргызстандан барган делегация Казакстандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн белгиледи.
“Ак-Тилек” бекетиндеги кырдаалга байланыштуу бажы кызматынын төрагасы баштаган кыргыз делегациясы Нур-Султан шаарына барышкан.