Кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу создугуп кетти

212

Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасы 3-кварталда ачылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Эл өкүлдөрү оорукананын курулуш иштери беш жыл мурун башталса, имараттын курулуп бүткөндүгүнө бир жыл болду. “Эмнеге алигиче ачылбай турат?”-деп кызыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов: “Беш жылдан бери куруп өткөзүп өзүбүзгө ала албаган, эртең иштете албайсыңар. Муну жеке менчикке өткөрүп бериш керек”

Акылбек Жапаров дагы кесиптешинин айткан сөздөрүнө кошулуп, өкмөт иштете албайт дейт.

Каратаев маалымдагандай, учурда макулдашууну ратификациялоо жана айрым юридикалык талаптар кармап жаткандыгын, мындан тышкары аппарат, жабдыктарды алып келүү иштери аягына чыга электигинен оорукананы ачуу создугуп жатат.

Кыргызстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосунда биргелешкен оорукана түрк тараптан кайтарымсыз жардам катары берилип жатат. Гранттын жалпы суммасы 19 млн.долларды түзөт. Алгачкы 3 жыл кыргыз-түрк менен биргелешип башкарып көзөмөлгө алат дагы, 3 жылдан кийин толугу менен Кыргыз тараптардын жетектөөсүнө өтөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь