9-май улуу жеңиш күнүнө карата, Бишкекте “Өлбөс полк» акциясы өтөт. Жүрүш жаңы форматта уюштурулуп, музыка менен коштолот. Маалыматка ылайык, 9-май күнү эрте менен саат 10:00 жүрүш Дайыр Асанов атындагы эс алуу жайынан башталып, 6,6 чакырым жол жүрүшөт.
«Өлбөс полк» жүрүшү алгач 2014-жылы уюштурулган. Ага 4 миңге жакын жаран катышкан. Ал эми өткөн жылы 45миңге чукул жаран акцияга чыккан.