Путинге берилген аргымак Кыргызстандан чыга элек

377

Сооронбай Жээнбеков Путинге белекке берген аргымак учурда Кыргызстанда. Бул боюнча Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Sputnik радиосуна болгон маегинде билдирди.

Адатта тартууланчу нерсе алдын ала макулдашылбайт. Абдан күтүүсүз болду! Шерхан деп аталган тайган Россияга жеткирилди, ал эми аргымактын маселесин тийиштүү ведомстволор чечет. Жылкы азырынча Кыргызстанда”, — деди Удовиченко.

Эске салсак, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын акыркы күнүндө, тагыраагы 28-мартта, ага белек катары аргымак жана тайган берилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь