Сокулуктагы окуучулар айына 700 сом төлөйбү? Министрликтин жообу

190

Искен Афиджанов фейсбук баракчасына Сокулуктагы Ново-Павловка айылынын “УОКЛ √1 Чынгыз Айтматов” атындагы мектептеги окуя боюнча видео жүктөдү.
Маалыматка ылайык, мугалимдер бир айга ар бир окуучудан 700 сом акча төлөтүп келген. Ага нааразы болгон ата-энелер мектеп алдына чогулушкан.

Мектептин администрациясы каражат чогултуу боюнча келишимге ата-энелер макулдугун берип кол коюшканын айтты. Бирок жыйналган эл мындай маалыматты четке какты.

Бул боюнча Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы:

“Өнүгүү” коомдук фонд окуучулардын ата-энелери тарабынан демилгеленген жана 15 жыл мурун пайда болгон. Фонддун мүчөлөрүнүн 60% ата-энелер түзөт.
Мектепке керектүү каражаттарды дагы жалпы талкуулашат. Күзөт бөлүмүнө, кир жуучу каражаттарды, тейлөө, сатып алуу, ошондой эле 10 сом техникалык кызматкерлерге дагы акча бөлүнөт”
деп маалымдашты.

“Ал эми бөлүнгөн каражаттардын кайда жумшалганы боюнча ай сайын ата-энелерге отчет берилет” деп кошумчалады министрлик

"Бир айга ар бир окуучудан 700 сом акча толотот экен, бул жонундо билим беруу министирлиги кабардар болду бекен?Бул Сокулук району Ново Павловка айылы УОКЛ √1 Чынгыз Айтматов атындагы мектеп!" – окурман (02.04.2019 ж.)Оюнуздар комментарийде болушунуз!Максималдуу репост!!!

Опубликовано Искеном Афиджановым Вторник, 2 апреля 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь