Президент Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда айтылган арыздар жана кайрылуулар тастыкталды. Тагыраагы, жергиликтүү тургундар президентке өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин өз милдеттерин жоопкерчиликсиз жана компетенттүү эмес аткарганы боюнча арызданышкан.
Мындай нааразычылык, 9-январда Сооронбай Жээнбеков менен Чүй облусунун Сокулук районунун активи жана коомчулугу менен жолугушуусу учурунда айтылган.
Бул маалымат дыкаат текшерилүүгө алынып, Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругуна ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Чүй облусундагы Сокулук районунун жашоочулары айткан арыздары жана кайрылуулары тастыкталды.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусу боюнча,
Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу үчүн жооптуу жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар социалдык-тиричилик маанидеги көйгөйлүү маселелерди чечүүдөн өздөрү четтеп кетишкен.
Жарандардын арыздарын жана кайрылууларын объективдүү жана ар тараптуу кароонун, жеткиликтүү түшүндүрүү иштеринин жоктугунан райондун тургундары жергиликтүү деңгээлде карала турчу маселелер боюнча Президентке кайрылууга аргасыз болушкан.
Бир нече жылдар бою жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга көмөк көрсөтүп келишкен.
Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишмердигинде, айрым учурларда облустук жана республикалык деңгээлде узак мезгилден бери системдүү коррупция жана бири-бирин жаап-жашыруу орун алып келген.
Көп жылдардан берки коррупция, аракетсиздик жана Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамилеси айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин массалык түрдө көзөмөлсүз сатылуусуна жана ал жерлерде үйлөрдүн мыйзамсыз курулушуна себеп болгон.
Жарандар тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды териштирүүгө атайылап жолтоо болуу фактылары бар. Буга тиешелүү болгон кылмыштарды жана адамдарды жаап-жашырууга жол берилүүдө. Укук коргоо органдары тарабынан жер маселелери боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү атайылап создуктуруу фактылары аныкталды, прокуратура органдары тарабынан тиешелүү көзөмөл жок.
Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алууга багытталган кылмыштуу аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу боюна чаралар көрүлгөн эмес.
“Тастыкталган фактылар боюнча өкмөткө жана башкы прокуратурага маалыматтар жиберилди. Тиешелүү органдар жана жетекчилер мыйзам чегинде жазага тартылат” деп айтылат маалыматта