Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Москвадагы кортежи жергиликтүү тургундарды таң калтырды.
Кече 3-апрелде тартылып алынган видео боюнча, Токаев өзүнүн айнеги караңгылатылган унаасы менен, бир нече мотоциклдин коштоосунда, Москванын көчөлөрүнөн өткөн. Президенттин урматына жолдор чектөөгө алынган. Бул боюнча видеону тарткан автор өзү дагы маалымат берди.
Эске салсак, Токаевди Россия аэропорттон кызыл килем төшөп тосуп алышкан. Ал кече, 3-апрелде Москвага иш сапары менен барган.