“9 жолу боюнан түшкөн аял эне болуу статусун көксөп, акыры максатына жетти деп жазат” WalesOnline. Маалыматка ылайык, 40 жаштагы Джен Бикель 10 жылдан бери балалуу боло албай келген. Бирок, үмүтүн үзбөгөн АКШнын тургуну Боби аттуу наристелүү болду.
Джендин өзүнүн айтымында: “Мага эне болуу абдан кыйынга турду, 29 жашымда алгачкы балам боюмда болуп бирок 6 ай болгондо чарчап калды. Кийинкиси 11 жумасында боюман түштү. Анан дагы, дагы наристелерим чарчап кала берди. Менин тагдырыма дарыгерлер дагы аянычтуу карашчы эле. Эми минтип, балалуу болдум”
Айласы кеткен Джен ЭКО жолу менен дагы балалуу болууга аракет кылган. Бирок 4 жолку аракетинен майнап чыккан эмес. Жолдошу Эндрю менен Джен дагы наристелүү болоорун угушканда, бала төрөлгөнгө чейин кийим кече, оюнчук сатып албайбыз деп сөз беришкен.
Бактыга жараша, 40 ка чыккан Джен 9-февралдын таңында, операция жолу менен, салмагы 3кг болгон уулун жарыкка алып келди.
Боби Уильям Биккелге учурда 6 ай болду. Учурда саламаттыгы жакшы дешет дарыгерлер