Дарыяга 2 бала чөгүп кетип, табылбай жатат

399

Аксыда 25 жаштагы бала дарыяга түшүп кетип, бүгүнкү күнгө чейин табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-апрель күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Тегирмен-Сай айылынын 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу жараны Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен.

Бирок азыркы күнгө чейин табыла элек. Учурда ӨКМден 12 куткаруучу тартылып издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, 3-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун Исфайрам дарыясына 2009-жылы туулган Т.Ж. аттуу бала дагы түшүп кетип, изделүүдө.

Ыкчам издөө иштери жүргүзүлгөнү менен бүгүнкү күнгө чейин өспүрүм табылбай жатканы кабарланды. Аны издөөгө 52ден куткаруучу тартылып, издөө иштери улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь