Жеңил ойлуу кызды өлтүрүп, сөөгүн дааратканага таштап салган киши соттолду

289

25 жаштагы Айдана Акболатова 29-октябрда жоголуп кеткен. Анын сөөгүн полициялар бир жарым айдан кийин табышкан. Маалыматка ылайык, Акболатова акча алып интимдик тейлөө көрсөтүп жүргөн. Кыз ошол күнү 40 жаштагы кишинин үйүнө барып 7 сааттай спирт ичимдиктерин ичишкен.

Бир маалда чатак чыгып, кыз эркектен 70 миң теңге талап кылган, болбосо полицияга кайрыла турганын айткан. Эркек аны сабап, муунтуп өтүрүп, колу-бутун скотч менен таңып, короодогу дааратканага салып ийген. Кийимдерин өрттөп салган.

Бул кылмыштын бетин ачууга ошол күнү кыз чакырткан таксист көмөкчү болду. Бүгүн соттук иш болуп, шектүү 13,5 жылга катуу режимдеги абакка соттолду.

“Менин кызымдыкындай өлүмдү эч кимге каалабайм. Айдана мени менен жашачу. Анын денеси дааратканада жаткан кезде кылмышкер өзү тынч гана жашап жүрө бериптир”,-деп айтты сотто каза тапкан кыздын энеси.

Булак “barometr.kg”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь