Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Govori.TV”га берген интервьюсунда «Тажикстандын тыңчысы» деген маалымат тууралуу пикирин билдирип, учурда фейк маалымат тараткандарга байланыштуу УКМКга кайрылганын, ал эми такталбаган маалыматты Жогорку Кеңешке алып чыккан эл өкүлдөрүнүн үстүнөн сотко кайрыла тургандыгын айткан.
Ал эми тастыкталбаган маалыматтарга таянып эмоция менен “Разакоду кызматынан кетсин” деген депутаттар азыр андан кечирим суроого даярбы? Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Парламентте эч ким аны агент деп айткан эмес, ал эми жалган маалыматты таратып, аброюна шек келтирген журналисттердинн үстүнөн Разаков сотко бергенге акысы бар”