«Коопсуз шаар»: жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4% кыскарган

256

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруунун максаты айыппулдун эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын – жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.

Анын айтымында, айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүн тез жардам кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо зарыл.

«2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видеобайкоо камералары орнотулмакчы, – деди Абылгазиев. – Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болот. Дагы бир ирет белгилей кетсем, биздин милдет – жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу».

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь