Германия финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражат берет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков бул боюнча 2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, кыргыз өкмөтү менен Германиянын өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 20-мартында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кире баштайт.