Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөй чечилээрин Абылгазиев айтты

251

Кыргыз-казак чек арасындагы маселе бир-эки күндө чечилет. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйында билдирди.
Өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы жагдай боюнча Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөн.

“Биздин позициябыз – бул ЕАЭБге мүчө болуп киргендеги позициялар сакталышы керек. Бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ кечинде Казакстандын премьер-министринин кабинетинде отуруп сүйлөшүштү. Натыйжасын бүгүн-эртең көрөбүз”, – дейт Абылгазиев.

Ошондой эле, ал болбосо Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимдерге кол койгондугун так аткаргандыгын өнөктөштөрдөн жана тарапташтардан талап кыларын кошумчалады.

Эске салсак, Казакстан “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө бекетине кошумча текшерүүлөрдү киргизген. Анын кесепетинен Кыргызстандык ишкерлер зыянга учурашууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь