Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, кыргыз делегациясы менен кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди талкулаш үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетишти.
Бул кабарды өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов “Eldik.Media” порталына тастыктады . Жолугушуу алкагында эки өлкөнүн ортосунда каралган маселелер боюнча кийинчирээк маалымат берилет.
Буга чейин Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү 2 ирет жолугушкан. Анын алкагында, Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Эске салсак 13-март күнү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, эки тараптын жарандарынын ортосунда атышууу болгондугу тууралуу да маалыматтар тараган