Москвадагы кыргыз мигранттарынын бири, Руслан Ботобаев, жарым жылдан бери көчөдө калган. Ал чет жерде документтерин жоготуп, иштөө мүмкунчүлугүнөн айрылган. Анын үстүнө бутун кокустатып алып, ишке жарамсыз абалга кептелди. Документтери жоктугуна байланыштуу мекенине кайта албай жүргөн кези. Ал кайрымдуу мекендештерден жардам сурайт.