Ысык-Көлдө жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылды

109

4-5- апрелге караган түнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Каракол унаа жолунун 85-чакырымында “Тойота-Ист” үлгүсүндөгү унаа менен “Фольксваген-Гольф-3” үлгүсүндөгү унаа кагышып, 3 адам набыт болду.

Жол кырсыктын кесепетинен Фольксваген унаасындагы 3 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Мындан сырткары Тойота унаасындагы 1 аял оор жаракат алган.

Окуя болгон аймакка куткаруучулар барып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматы тарабынан Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь