Актриса Жаркын Балыкбаева каза болду

443

КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады

Балыкбаева өзү Сокулук районунун Жыламыш айылынан.

Балыкбаева көптөн бери ооруп жүргөнү айтылды. 6-апрель күнү түштө бөйрөгү иштебей калып борбор калаадагы атайын ооруканада көз жумган. Маркумдун сөөгү 8-апрель күнү жерге берилет, азырынча кайда коюлары белгисиз.

Жаркын Балыкбаева өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы училищеде актердук чеберчилик боюнча сабак берип келген. Ал КРдин Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Эске салсак, тенор үндүү белгилүү ырчы 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.

Актриса «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Белгисиз маршрут» тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

Булак: “Чагылган”

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь