2010-жылдагы Апрель окуясында ок тийип, оор жарадар алып, ден соолугунан ажыраган Максат Чегирткеев Фарид Ниязовго дагы кайрылып, бирок жыйынтык чыкпаганын айтат.
“Мен 2010-жылы 7-апрелде оор жаракат алгам. Ошондон бери ден соолугум туруктуу болбой келет. Өткөн айда “Nazarnews” маалымат агенттигине интервью бергем. Себеби, мурун мага бөлүнгөн акча 2017-жылы менин саламаттыкты сактоо министрлигинде мага бөлүнгөн акчадан бар болчу. Бул акча мурун Кытайга дарыланууга баргандагы бөлүнгөн каражаттан калган. Аны кайра дагы дарыланып келесин деп айтышкан. Анан врачтар менен концилум өткөнбүз. Жыйынтыгында врачтар Сочи шаарына дарыланууга корутунду чыгарып, комиссияга саламаттыкты сактоо министрлиги ушул жаран муктаж деп сунуш киргизген. Бирок бул сунушту канциломду четке кагып, акчаны кайрып алып коюшкан. Ошол кезде аябай ооруп жүргөм, бирок андан дагы кескин начарлап, катуу оорудум. Ушул интервью бергенден кийин ички иштер министрлигине кайрылып, мен экинчи топтогу майыпмын, даарыланууга муктаж болгондугумдан врачтарга өз каалоом менен канцилом жазаткам дедим. Анан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязовго чындыгында ооруп, жардамга муктаж экендигимди айтып арыз жазгам, бирок жыйынтык болгон жок”-дейт Максат Чегирткеев.