Атамбаев Азиза Абдирасуловадан кечирим сурады(ВИДЕО)

114

Алмазбек Атамбаев учурда өзүнүн тарапташтары менен чогу азыркы бийликке өчөшкөн тааризде кыймыл-аракетин жалпы коомчулук сынга алып келет. Мурдагы президенттин мындай саясатын айрым депутаттар жана жарандык активисттер “Атамбаевдин таарынычы” катары баалашкан эле. Бүгүнкү өткөн КСДПнын 18-съезди дагы жабык өткөрүлүп журналисттердин даярдап келген бир нече суроолору жоопсуз калды.

Бирок, Атамбаев съездин соңунда чыгып журналисттерге маалымат берип, “Eldik.Media” порталынын “Саясаттан эс алайын деген оюңуз жокпу” деген суроосуна.

“Мен жыргап эс алып жүрсөм мамлекет талкалана берсинби? Мен жыргал жашоону кааласам, жашай бермекмин. Бирок Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдар үйдө отура албайт” деп жооп берди.

Андан тышкары Атамбаев бүгүнкү съезд ийгиликтүү өткөнүн, ага 170 делегат катышканын кошумчалап, ал менен биригүүгө кол сунган адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

“Биригебиз” деген ар бир адамга сүйүнөбүз. Жарандык коомдун өкүлдөрү жазган сөздөрүн окуп ыраазы болуп жатам. Азиза Абдирасуловага рахмат. Менден күнөө кетсе кечирип койсун. Ошондой адамдарга ыраазымын, – деди Атамбаев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда айрым активисттерди, бей өкмөт уюмдарды жана журналисттерди сотко берген жайы бар. Кызматынан четтеген соң, жасаган иштери үчүн айрымдарынан кечирим сурап келет. Ал тургай буга чейин бир топ саясатчыларды оозго алгыс сөздөр менен сындап келген болсо, бүгүн биригүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь