Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына түшүп кетен 7 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, баланын жансыз денеси 5-апрелде саат 20:02лер чамасында табылган. Куткаруучулар анын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришти. Эске салсак, Исфайрам дарыясына 2009-жылкы Т.Ж., аттуу бала түшүп кетип, табылбай жаткан.