Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнгө салынууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.
Жетишилген макулдашууга ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына барып, эки өлкөнүн тийиштүү органдары да үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө аракет кылышкан. Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өткөн.
Эскерте кетсек, Казакстан 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.