“Атамбаев уятсыз сөздөрдү айтып жатат. Мен Жээнбековдорго жагынайын деп жаткан жокмун. 2008-жылдары мени КСДПга мени чакырышты. Ал заманды мен эң жакшы билем. Парламенттик шайлоодо түштүк тарапта эч ким жок болчу. Ошол жылдары эсимде түштүк тарапта Асылбек Жээнбеков штаб түзүп аябай иштетеди. Жээнбековдор ошол жылдары элди үгүттө итштерин жүргүздү. Баарын уюштуруп бүткөндө Алмазбек Атамбаев бир гана майрамдык иш-чараларга эле барып, катышып кетчү. Ал үгүттөө иштерине жүргүзүү дегенди билген дагы жок” деп Роза Отунбаева “Азаттык радиосуна” болгон маегинде билдирди.