7 жаштагы баланы уурдап, ата-энесинен акча талап кылган жаран кармалды

103

7 жаштагы баланы уурдап, ири суммадагы акча талап кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абадда облусунун Ноокен районун 1983-жылы туулган С.З. аттуу тургуну тургуну 4-апрель күнү күндүзгү саат 12лер чамасында анын 7 жаштагы Т.А. аттуу баласын белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Ага белигисиз бирөөлөр телефон чалып:

“Сенин балаң бизде, 13-апрелге чейин 120 миң доллар табасың” деген талап койгон. Андан көп убакыт өтпөй ошол эле номурдан “өзүң телефон чал, эгерде милицияга кабар берсең уулуңду өлтүрөбүз. Айтылган сумманы 10 күндүн ичинде тап” деп талап коюшкан.

Айылдык ишкер баласын куткаруу максатында 5-апрелге караган түнү райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде ыкчам аракеттер башталып, облустук жана райондук криминалдык кызматы тарабынан оперативдүү-тергөө тобу түзүлүп, натыйжада, аталган райондун 1997-жылы туулган А.Х. аттуу жаранын кармашкан.

Шектүү адам ага чейин эле баланы өлтүрүп койгону белгилүү болуп, баланы айылдын айдоо талаасына алып барып көмүп койгон жерин көрсөтүп берген. Баланын жансыз денеси жерден казылып алынып, шектүүгө кылмыш козголуп, тергөө иштери башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь