Профессор, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы кыймылына саясий баасын берди. Анын баамында, Атамбаев бийликке өчөшүп жаткандыгына далилдин деле кереги жок. Анткени коомчулукка бары түшүнүктүү болуп калганын айтат:
“Баары түшүнүктүү да. Атамбаев бетин ачып алды. Ичиндеги болгон таарынынчын айтып жатат, кайра кечирим сурап жатат иши кылып бул киши жаңы деле жаңылык айткан жок. Баягы эле Райымды, саясий куугунтук дегенин дагы айтып жатат. Ошол үчүн мен таңкалган деле жокмун , ал киши саясий упай топтойм деген аракети менен эле убара” деп билдирди өз сөзүндө
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 6-апрелде өткөн КСДПнын съездинде, “Аксы” окуясын эскерүүдө жана бүгүн Апрель ыңкылабын эскерүү күнүндө учурдагы саясатка сын көз карашын айтып жаткан учуру. Мындай пикирин айрым эл өкүлдөрү “Атамбаевдин таарынычы” катары баалап келүүдө.