Бир үй бүлө бара жаткан унаа аласалып (ВИДЕО)

114

Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көчөдө айдоочусу рулга ээ боло албай калган унаа жол четиндеги арыкка кулап кетти. Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 16.40тарда болгон. Унаа чыгыш тараптан батышты көздөй бара жаткан.

Машинанын ичинде күйөөсү, аялы жана алардын эки баласы болгон. Төртөөнү тең эл унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына салып беришти. Жабырлануучулар шаардык ооруканага жеткирилген. Ушу тапта кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатканы маалыматта айтылат

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь